# 14-берене. Расмий эскертүү берүүнүн тартиби жана натыйжалары

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 29-майындагы № 82 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4820/edition/848482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203890/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 14-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-14

---

1. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетти жүзөгө ашыруучу органдын жетекчиси ушул Мыйзамдын 13-беренесинде көрсөтүлгөн маалыматтарды эске алуу менен, кызмат адамына алынган маалыматтарга ылайык уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) жетекчилери же мүчөлөрү менен криминалдык байланышы бар адамга расмий эскертүү берүүнү тапшырууга укуктуу.

2. Расмий эскертүү ошол адамга, эгер алы ыкчам-алдын алуучу каттоого коюуга маалыматтар жетиштүү болбосо берилет.

3. Ошол адамга карата расмий эскертүү берүү жөнүндө чечим токтом чыгаруу жолу менен жол-жоболонот, ал ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.

4. Расмий эскертүү ошол адамга таанышуу жана кол коюу үчүн жарыяланат.

5. Ошол адам расмий эскертүүнүн талаптарын аткарбаса ыйгарым укуктуу орган тарабынан ага алдын алуучу мүнөздөгү башка чараларды колдонуу чечими кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-15)
