# 13-берене. Юридикалык жана жеке жактарга карата алдын алуучу

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 29-майындагы № 82 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4820/edition/848482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203890/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 13-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-13

---

чараларды колдонуу үчүн негиздер

Таасир этүүнүн алдын алуучу чаралары, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алынган маалыматтар жеке жана юридикалык жактарга карата, алардын төмөнкүдөй учурлары далилденсе колдонулат:

1) уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) башчылары же мүчөлөрү менен байланышы бар экени же байланыш түзүп жатканы;

2) уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуу шериктиктерге (кылмыштуу уюмдарга), куралдуу топторго (бандаларга) финансылык же материалдык жардам берип жатканы;

3) уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) криминалдык идеологиясын колдогону;

4) жашы жете элек адамдарды кошпогондо, уюшкан кылмыштуу иштин натыйжаларын же уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) субъекттеринин кызматтарын пайдаланганы жана алардын кылмыштуу ишине көз каранды экендиги;

5) адамдарды уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) курамына тартуу менен алектенгени жана криминалдык иерархиянын түзүмүн бекемдөөгө көмөк көрсөткөнү.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-14)
