# 12-берене. Таасир этүүнүн алдын алуучу чаралары

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 29-майындагы № 82 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4820/edition/848482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203890/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 12-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-12

---

1. Таасир этүүнүн алдын алуучу чаралары мыйзамдуулуктун, укуктарды жана эркиндиктерди коргоонун, гумандуулуктун принциптерин, ошондой эле ынандырууну жана мажбурлоону айкалыштыруу принцибин сактоо менен колдонулат.

2. Ушул Мыйзамда каралган негиздер бар болсо, уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуу шериктиктерге (кылмыштуу уюмдарга), куралдуу топторго (бандаларга) тиешеси бар адамдарга карата таасир этүүнүн төмөнкүдөй алдын алуучу чаралары колдонулат:

1) расмий эскертүү;

2) ички иштер органдарында ыкчам-алдын алуучу каттоого коюу;

3) сот тарабынан жүктөлгөн милдеттер;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык жана мүлктүк абалын текшерүү.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-13)
