# 11-берене. Криминалдык идеологияны үгүттөөгө бөгөт коюу

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 29-майындагы № 82 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4820/edition/848482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203890/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 11-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-11

---

1. Кыргыз Республикасында криминалдык идеологияны үгүттөөгө, ошондой эле криминалдык идеологияны үгүттөө максатын көздөгөн коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө, криминалдык иерархиядагы адамдардын статусун же ролун жарыя кылууга (жар салууга) тыюу салынат.

2. Жалпыга маалымдоо каражаттары, мамлекеттик органдар жана билим берүү жана маданият мекемелери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык криминалдык идеологияга каршы күрөшүүгө жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүгө көмөк көрсөтөт.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-12)
