# 10-берене. Уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 29-майындагы № 82 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4820/edition/848482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203890/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 10-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-10

---

(кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) түзүлүшүнө бөгөт коюу

1. Ыйгарым укуктуу органдар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган чараларды колдонуу менен жаштардын жана башка адамдардын уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуу шериктиктерге (кылмыштуу уюмдарга), куралдуу топторго (бандаларга) тартылышын болтурбоо боюнча алдын ала чараларды жүзөгө ашырат.

Ушул Мыйзамга ылайык таасир этүүнүн алдын алуучу чаралары ушул иштин негизги формалары болуп саналат.

2. Уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуу шериктиктерге (кылмыштуу уюмдарга), куралдуу топторго (бандаларга) тиешеси бар же криминалдык статуска ээ чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары администрациялык чыгарып салынууга жатат.

3. Ыйгарым укуктуу органдар уюшкан кылмыштуулукка тиешеси бар же криминалдык статуска ээ чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата компетенттүү органдарга алардын Кыргыз Республикасына киришине тыюу салуу жөнүндө сунуш киргизет.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-11)
