# 9-берене. Медицина кызматкерлерине көмөктөшүү

- Документ: [Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203889)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 28-майындагы № 81 "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4819/edition/1016208/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203889/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө, 9-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-9

---

1. Кызмат адамдары жана жарандар аларга медициналык жардам көрсөтүүдө медицина кызматкерлерине көмөктөшүүгө милдеттүү. Адам өмүрүнө коркунуч келгенде медицина кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:

1) бейтап турган жерге баруу үчүн же болбосо аны жакынкы саламаттыкты сактоо уюмуна жеткирүү үчүн ушул жагдайда болгон унаанын кандай гана болбосун түрүн пайдаланууга;

2) ишканага, мекемеге, уюмга жана жарандарга таандык болгон байланыш каражаттарын тоскоолдуксуз жана бекер колдонууга.

2. Медицина кызматкеринин унааны, байланыш каражатын берүү жөнүндө мыйзамдуу талабын аткаруудан баш тарткан кызмат адамы же унаа каражатынын ээси мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартышат.

3. Адам өмүрүнө коркунуч келгенде медициналык жардам көрсөтүүгө байланышкан чыгымдардын ордун толтуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-10)
