# 7-берене. Медициналык ишти жүзөгө ашырууга карата чектөөлөр

- Документ: [Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203889)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 28-майындагы № 81 "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4819/edition/1016208/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203889/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө, 7-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-7

---

1. Медициналык иш медициналык билимдерди бейтаптын саламаттыгына зыян келтирүү же кылмыштуу максаттарда пайдалануу менен айкалышпайт.

2. Медициналык иш менен төмөнкүлөргө алектенүүгө болбойт:

1) медицина ишин жүзөгө ашырууда атайылап кылмыш жасаганы үчүн мурда соттолгон адам;

2) соттун чечими менен белгиленген мөөнөткө медицина иши менен алектенүү укугунан ажыратуу түрүндө жаза чыгарылган адам;

3) сот тарабынан жарым-жартылай же толук аракетке жарамсыз деп таанылган адам;

4) медициналык же биологиялык билими жок адам.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-8)
