# 4-берене. Медициналык иштин мазмуну

- Документ: [Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203889)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 28-майындагы № 81 "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4819/edition/1016208/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203889/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө, 4-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-4

---

1. Медициналык иш өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) жынысына, курагына, улутуна жана расалык таандыктыгына, социалдык абалына, саясый жана диний көз карашына, туткан динине, тилине жана дүйнө таанымына карабастан адамга медициналык жардам көрсөтүүнү;

2) сергек жашоо ыңгайын үгүттөөнү;

3) алдын алуу иш чараларын уюштурууну;

4) кесиптик сапатын өркүндөтүүнү жана медициналык тажрыйба топтоону;

5) медициналык билим берүү уюмдарындагы окутуучулук иштерин;

6) медициналык илимий-изилдөө уюмдарындагы илимий-изилдөө иштерин.

2. Медицина кызматкери иштеп жаткан медициналык мекеменин менчигинин формасына карабастан, коомдук саламаттык сактоо жаатында кесиптик жана коомдук уюмдар, социалдык өнөктөштөр жана бийлик органдары менен кызматташа алат.

3. Медициналык иш фармацевттик - фармацевттик (эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса) жана парафармацевттик продукцияларды даярдоо, берүү, жайылтуу иштери, ошондой эле көрсөтүлгөн продукцияларды сатуу менен айкалышпайт.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-5)
