# 3-берене. Медицина кызматкерлерине практикалык иштерге жол берүү

- Документ: [Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203889)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 28-майындагы № 81 "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4819/edition/1016208/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203889/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө, 3-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-3

---

1. Кыргыз Республикасында медицина иштерин жүзөгө ашырууга жогорку же орто медициналык, же жогорку биологиялык билим алган адамдарга, диплому жана адистик тастыктамасы, ал эми жекече медициналык иш менен алектенген медициналык ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы бар адамдарга жол берилет. Адистин тастыктамасы кесиптик жогорку окуу жайынан кийинки (аспирантура, ординатура, интернатура) жана кошумча билиминин (кесибин, адистигин жогорулатуу) негизинде берилет. Медицина жаатындагы окумуштуунун даражасы жана/же наамы бар адамдар үчүн тастыктаманын болушу милдеттүү эмес.

2. Жогорку жана орто медициналык билим берүү уюмдарынын студенттерине жарандарга медициналык жардам көрсөтүүгө катышууга аларды окутуу программаларына ылайык кесиптик даярдыгы үчүн жоопкерчилик тартуучу медицина кызматкерлеринин көзөмөлү алдында жол берилет.

3. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, башка мамлекеттерден медициналык билим алган адамдар аттестациядан жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоодон өткөндөн кийин Кыргыз Республикасында медициналык ишке жол берилет.

4. Медициналык иш менен мыйзамсыз алектенген адамдар мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартышат.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-4)
