# 23-берене. Медицина кызматкерлеринин ортосундагы мамилелер

- Документ: [Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203889)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 28-майындагы № 81 "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4819/edition/1016208/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203889/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө, 23-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-23

---

1. Медицина кызматкерлеринин ортосундагы мамиле сыпаалыкка, биргелешип аракеттенүүгө, өз ара урматташууга негизденет.

2. Медицина кызматкеринин кесиптик иш-аракети жана жүрүм-турум адеби гана сынга алынышы мүмкүн.

3. Врач бейтаптын башка дарылоочу врачты тандоосуна тоскоолдук кылбашы керек. Врачтын кесиптик аброю анын ишинин натыйжаларына негизденет.

4. Бейтап же анын мыйзамдуу өкүлү оорунун күчөп кетүүсүнө алып келген милдеттүү медициналык кийлигишүүдөн баш тартуу үчүн жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-24)
