# 22-берене. Медицина кызматкери менен бейтаптын ортосундагы мамилелер

- Документ: [Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203889)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 28-майындагы № 81 "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4819/edition/1016208/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203889/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө, 22-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-22

---

1. Медицина кызматкери менен бейтаптын ортосундагы мамиле бири-бирин урматтоо жана ишенүү, оорулуунун өз эркин билдирүү укугуна негизденет.

2. Медицина кызматкери бейтапка же анын мыйзамдуу өкүлүнө медициналык кийлигишүү маалында, ошондой эле медициналык кийлигишүүдөн баш тарткан учурда мүмкүн болуучу тобокелчилик жөнүндө маалымдоого милдеттүү.

3. Кандай гана болбосун медициналык кийлигишүү бейтаптын дене жана психикалык абалы акыл-эстүү чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк бербеген учурларды, же мыйзамдарда каралган башка учурларды кошпогондо, оорулуунун макулдугу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-23)
