# 20-берене. Дарылоочу врач

- Документ: [Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203889)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 28-майындагы № 81 "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4819/edition/1016208/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203889/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө, 20-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-20

---

1. Дарылоочу врач - саламаттык сактоо уюмдарында байкоо жана дарылануу учурунда бейтапка медициналык жардамды көрсөтүүчү врач. Мыйзамдарда белгиленген тартипте аттестациядан жана каттоодон өткөн врач дарылоочу врач боло алат.

2. Дарылоочу врач бейтаптын же саламаттык сактоо уюмунун (анын бөлүмүнүн) жетекчисинин тандоосу боюнча дайындалат. Бейтаптын дарылоочу врачты алмаштыруу жөнүндө талабы болгон учурда, саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси башка врачты тандоого көмөктөшүүгө тийиш.

3. Эгерде оорулуунун өмүрүнө жана тегерегиндегилердин ден соолугуна коркунуч алып келбесе, бейтап саламаттык сактоо уюмунун эскертмелерин же ички тартип эрежесин сактабаган учурда, дарылоочу врач саламаттык сактоо уюмунун тиешелүү кызмат адамынын макулдугу боюнча бейтапты байкоодон жана дарылоодон баш тарта алат.

4. Бейтаптын туугандары өз мүнөзү боюнча дарылоочу врачтын кесиптик милдеттеринин чөйрөсүнө кирген маселелерге жөнү жок кийлигишүүгө укуктары жок.

5. Дарылоочу врач зарыл болгондо врачтык консилиум чакыра алат.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-21)
