# 14-берене. Саламаттыгын сактоого укугу

- Документ: [Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203889)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 28-майындагы № 81 "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июня 2020 года № 67 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе медицинского работника"](https://aqlex.ai/kg/doc/112085)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203889#diff=1016208..1016209>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4819/edition/1016208/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203889/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө, 14-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-14

---

1. Медицина кызматкерлери мыйзамга ылайык санитардык-гигиеналык, жугуштуу ооруга каршы, дарылоо-алдын алуу иш чараларын өткөрүү менен өз ден соолуктарын коргоого укуктуу.

2. Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдары өз каражаттарынын эсебинен медицина кызматкерлерине кесиптик ишине байланыштуу эмдөөгө, оорулардан дарыланууга кеткен чыгымдарын мыйзамдарда аныкталган өлчөмдө төлөйт, ошондой эле мезгилдүү милдеттүү медициналык кароолорду өткөрүүнү камсыз кылат.

3. Өзүнүн ишин шарты зыяндуу жана ден соолугуна залал келтириши мүмкүн болгон саламаттык сактоо уюмдарында жүзөгө ашырган медициналык жана башка кызматкерлер көрсөтүлгөн уюмдардын каражаттарынын эсебинен диспансердик көзөмөлдө туруу укугуна ээ.

4. Медицина кызматкерлери алар эмгектик милдеттерин же кесиптик парзын аткарып жатканда ден соолугуна залал келтирилген учурда, аларга мыйзамдарда каралган көлөмдө жана тартипте зыяндын орду толтурулат.

5. Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана/же муниципалдык уюмдарынын кызматкерлери медициналык жардам көрсөтүү же илим изилдөө иштерин жүргүзүү убагында алар эмгектик милдеттерин же кесиптик парызын аткарып жатканда каза болгон учурда, каза болгондун үй-бүлөсүнө мыйзамга ылайык бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнүп берилет.

6. Өзгөчө кырдаалдарда, согуштук аракеттерде эмгектик милдеттерин жана кесиптик парзын аткарган, ошондой эле көрсөтүлгөн жагдайларда ден соолугуна залал келтирилген, каза болгон медицина кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган көлөмдө жана тартипте компенсация төлөнүп берилет.

(КР 2020-жылдын 29-июнундагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-15)
