# 11-берене. Медицина кызматкерлеринин укуктары

- Документ: [Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203889)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 28-майындагы № 81 "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4819/edition/1016208/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203889/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө, 11-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-11

---

1. Медицина кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:

1) сапаттуу медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуучу эмгек шартына;

2) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген клиникалык протоколдордун негизинде бейтапты иликтөө жана дарылоо ыкмаларын тандоого;

3) дарыга рецепт жазып берүүгө, мыйзамдарда белгиленген тартипте эмгекке жараксыздыгы жөнүндө маалымдамаларды жана баракчаларды берүүгө;

4) медициналык практикага дартты аныктоонун заманбап ыкмаларын киргизүүгө;

5) мыйзамдарда белгиленген тартипте, жекече медициналык иштерге;

6) мыйзамдарга ылайык айкалыштыруу боюнча жумуштарга;

7) мыйзамдарда каралган дагы башка укуктарга.

2. Медицина кызматкерлери кесиптик жаңылыштык жасаганда жоопкерчиликтен бошотулууга укуктуу. Медицина кызматкерлеринин кесиптик жаңылыштыгы дегенде ак ниет жаңылуунун кесепети болуп саналган жана кылмыш курамын же жосун белгисин камтыбаган аларга көз каранды болбогон кырдаалдарда алар тарабынан өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жаткандагы жаңылыштыктары түшүнүлөт.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-10)  
Кийинки берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-111)
