# 10-берене. Медицина кызматкерлерин аттестациялоо

- Документ: [Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203889)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 28-майындагы № 81 "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4819/edition/1016208/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203889/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө, 10-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-10

---

1. Медицина кызматкерлеринин квалификациясын колдоо, даярдыгынын деңгээлин жана кесиптик жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле квалификациялык категориясын жана ээлеген кызмат орундарына ылайыктуулугун аныктоо максаттарында медицина кызматкерлери, анын ичинде клиникалык кафедранын окутуучулары мезгили менен аттестациялоого жатат, бирок беш жылда бир жолудан көп эмес, ал тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар же Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аттестацияны өткөрүү боюнча иш-милдеттер аларга жүктөлгөн учурда, кесиптик ассоциациялар, бирикмелер тарабынан өткөрүлөт.

2. Кыргыз Республикасында медицина иши менен алектенүүгө укугу бар чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар кесиптик аттестациядан өтүүдө Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укукка жана милдеттерге ээ болот.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-11)
