# 1-берене. Медицина кызматкеринин статусу

- Документ: [Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203889)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 28-майындагы № 81 "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4819/edition/1016208/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203889/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө, 1-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-1

---

1. Медицина кызматкеринин статусуна медициналык билими бар адамдар, ошондой эле биологиялык билими бар врач-лаборанттар жана лаборанттар, жана тиешелүү адистиги менен өз ишин саламаттык сактоо, анын ичинде билим берүү уюмдарында жүзөгө ашыруучу, жекече иш жүргүзүүчү адамдар ээ болушат. Медицина кызматкеринин статусу иштин шарттары жана мүнөзү менен аныкталат, өзүнө алардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин камтыйт.

2. Медицина кызматкерлерине врачтар, анын ичинде башкы врачтар (директорлор) жана алардын орун басарлары, жогорку жана орто медициналык кесиптик билим берүүнүн жана медициналык кафедралардын окутуучулары жана кызматкерлери, орто кесиптик медициналык билими бар адистер, санитарлар кирет.

3. Медицина кызматкерлери өз ишин медицина кызматкерлеринин бейтаптар, алардын туугандары жана өз ара адептик мамилелерин жөнгө салуучу медициналык этиканын жана деонтологиянын принциптерин жетекчиликке алуу менен жүзөгө ашырылат.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203889/st-2)
