# КР 2013-жылдын 24-майындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 24-майындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203888>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4818/edition/451756/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203888.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 24-майындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (24.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203888

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 24-майы № 80 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203888/st-1)

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2010-ж., № 2, 83-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "2009-жылдын 31-декабрын" деген цифралар жана сөздөр "2012-жылдын 31-декабрын" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын.

2. 5-беренеде "2010-жылдын 1-мартынан баштап 2010-жылдын 1-июлун кошо алгандагы" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 1-июлунан баштап 2013-жылдын 31-декабрын кошо алгандагы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203888/st-2)

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ N 90 Мыйзамынын колдонулушун токтотуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декрети күчүн жоготту деп таанылсын ("Эркин-Тоо" газетасына тиркеме "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик актылары", 2010-ж., 30-июль, № 13-14 (370-371).

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203888/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин; үч айлык мөөнөттө салык төлөөчүлөрдүн чыгымдарын көзөмөлдөөнүн негизинде салыктык администрациялоону жүзөгө ашырууга багытталган жол-жоболорду иштеп чыксын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
