# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203887)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 24-майындагы № 79 "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203887/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4817/edition/451754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203887/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (24.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203887/st-1

---

"Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-ж., № 22, 700-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"12-статья. Жер участкаларынын бөлүнүшүн жана жекече турак үйлөрдүн долбоорлонушун контролдоо

Жекече турак үйлөрдү курууга жер участкаларынын бөлүнүшүн жана долбоорлонушун контролдоону архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.".

2. 16-статьянын 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Курулуш жана архитектура иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тийиштүү органдарынын" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 17-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Курулуш иштери жана архитектура боюнча мамлекеттик комитетинин компетенттүү органдарына" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203887/st-2)
