# КР 2013-жылдын 24 - майындагы № 77 "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 24 - майындагы № 77 "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203885>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4815/edition/451750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203885.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 24 - майындагы № 77 "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (24.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203885

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 24-майы № 77 "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203885/st-1)

"Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 998-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-берене менен толукталсын:

"1-1-берене. Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органдарынын тутуму

Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө мамлекеттик башкарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүзөгө ашырат. Архитектура-курулуш ишинин, ошондой эле көрсөтүлгөн жааттагы контролдоо жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат. Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - архитектура-курулуш жаатындагы мамилелерди жөнгө салууну жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы. Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - архитектура-курулушту көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы.".

2. 2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясы

1. Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) архитектура-курулуш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну;

2) өндүрүштүк күчтөрдүн жайгашуусун аныктоочу отурукташтыруу тутумун божомолдоону, долбоорлоону жана жөнгө салууну, курчап турган чөйрөнүн экологиялык абалын эске алуу менен инженердик, транспорттук, социалдык инфраструктураларды түзүүнү;

3) курчап турган чөйрө менен өз ара аракетте административдик-аймактык бирдиктердин иштөөсүнүн концепцияларын иштеп чыгууну жана негизги шарттарын аныктоону;

4) административдик-аймактык бирдиктерди пландаштыруу, куруу, реконструкциялоо жана көрктөндүрүү боюнча шаар куруу чечимдерин иштеп чыгууну;

5) тарыхый-маданий мурастарды, шаар куруу, архитектура жана монументтик искусство эстеликтерин, ландшафттарды жана башка корголуучу аймактарды сактоону жана калыбына келтирүүнү;

6) шаар курулушу жаатында кесипкөй кадрларды комплекстүү даярдоо тутумун түзүүнү;

7) инженердик-транспорттук инфраструктураны алгалатып өнүктүрүүдө турак жай, коомдук жана өндүрүштүк фондду өз ара байланыштырып өнүктүрүүнү;

8) Кыргыз Республикасында шаар куруунун бардык багыттарын өнүктүрүүнүн негиз болуучу илимий-изилдөө жана колдонмо базасын түзүүнү;

9) кыймылсыз мүлктүн объекттерин курууга жана башка курулуштук өзгөртүүлөргө уруксаттарды берүүнү;

10) шаар куруу-архитектура процессинин бардык түрлөрүн башкарууну.

2. Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) курулуш процесстеринин сапатын көзөмөлдөөнү;

2) архитектура-курулуш процесси жаатындагы белгиленген ченемдердин, эрежелердин, программалардын, схемалардын, пландардын жана долбоорлордун сакталышын көзөмөлдөөнү;

3) калктын, аймактардын жана калктуу конуштардын коркунучтуу (зыяндуу) табигый жана техногендик, антропогендик кубулуштар менен процесстерден коопсуздугу боюнча талаптардын курулуш ишинин субъекттери тарабынан камсыз кылынышын көзөмөлдөөнү;

4) курулуп бүткөн объекттерди пайдаланууга берүүнүн ылайыктуулугуна баа берүүнү.".

3. 15-берененин 2-бөлүгүндөгү "архитектура жана курулуш иштери боюнча" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203885/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
