# КР 2013-жылдын 16-майындагы № 73 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 16-майындагы № 73 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203881>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4811/edition/451740/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203881.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 16-майындагы № 73 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203881

---

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 16-майы № 73

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203881/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: 5-статьяда: 2-пунктундагы "алар ипотекалык турак жай курулушун кредиттеген учурда" деген сөздөр "ипотекалык кредит боюнча өндүрүп алган учурда" деген сөздөргө алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын: "3-1. Чек арага жанаша жаткан аймактарда турган жер участоктору мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда, кайрылмандарды кошпогондо, чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга берилиши мүмкүн эмес.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203881/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
