1-берене
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 10.
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., N 7, 758-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 2-беренеде:
берене төмөнкүдөй мазмундагы биринчи жана экинчи абзацтар менен толукталсын: "Адаптация - организмдин функциялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүсүн, анын ишке жөндөмдүүлүгүнүн артуусун жана сырткы таасирлерге болгон каршылыгынын жогорулоосун чагылдырган жандуу организмдин өзгөрүлмө сырткы чөйрөнүн шарттарына карата ыңгайланышуу процесстери. Адаптациялык жөндөмдүүлүгү - мүмкүн болгон зыянды азайтуу, ыңгайлуу мүмкүндүктөрдү пайдалануу же кесепеттерди жоюу максатында системанын климаттын өзгөрүшүнө (климаттын өзгөрмөлүгүн жана экстрим кубулуштарды кошуп алганда) ыңгайлашууга жөндөмдүүлүгү."; тогузунчу абзац "ветеринардык" жана "чөйрөсүнүн" деген сөздөрдөн кийин тиешелүүлүгүнө жараша ", адаптациялык" жана ", анын ичинде климаттын өзгөрүшүнүн" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 7-берененин 2-бөлүгүнүн бешинчи абзацы "бузулушу" деген сөздөн кийин ", алааматтуу жаратылыштык-климаттык абалдар" деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 10
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203880/st-1" title="1-берене - Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>