# КР 2013-жылдын 16-майындагы № 72 "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 16-майындагы № 72 "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203880>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4810/edition/451738/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203880.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 16-майындагы № 72 "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203880

---

КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 16-майы № 72 "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203880/st-1)

"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., N 7, 758-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 2-беренеде:

берене төмөнкүдөй мазмундагы биринчи жана экинчи абзацтар менен толукталсын: "Адаптация - организмдин функциялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүсүн, анын ишке жөндөмдүүлүгүнүн артуусун жана сырткы таасирлерге болгон каршылыгынын жогорулоосун чагылдырган жандуу организмдин өзгөрүлмө сырткы чөйрөнүн шарттарына карата ыңгайланышуу процесстери. Адаптациялык жөндөмдүүлүгү - мүмкүн болгон зыянды азайтуу, ыңгайлуу мүмкүндүктөрдү пайдалануу же кесепеттерди жоюу максатында системанын климаттын өзгөрүшүнө (климаттын өзгөрмөлүгүн жана экстрим кубулуштарды кошуп алганда) ыңгайлашууга жөндөмдүүлүгү."; тогузунчу абзац "ветеринардык" жана "чөйрөсүнүн" деген сөздөрдөн кийин тиешелүүлүгүнө жараша ", адаптациялык" жана ", анын ичинде климаттын өзгөрүшүнүн" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 7-берененин 2-бөлүгүнүн бешинчи абзацы "бузулушу" деген сөздөн кийин ", алааматтуу жаратылыштык-климаттык абалдар" деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203880/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
