# 217-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203877)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 8-майындагы № 69 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203877/st-217>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4807/edition/1119836/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө, 217-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203877/st-217

---

төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "217-берене. Пайдага салыктын алдын ала суммасын төлөө

1. Салык төлөөчү пайдасы нөл ставкасы боюнча салык алынуучу жана пайдага салыкты төлөөдөн бошотулган салык төлөөчүнү кошпогондо, экинчи кварталдан тартып квартал сайын салыктык отчеттуулукту берүүгө жана бюджетке отчеттук мезгилден кийин келүүчү экинчи айдын 20нан кийинки күндөн кечиктирбестен пайдага салыктын алдын ала суммасын бюджетке төгүүгө милдеттүү.

2. Учурдагы салык мезгилинин биринчи кварталы, биринчи жарым жылдыгы, биринчи 9 айлыгы пайдага салыктын алдын ала суммасы боюнча отчеттук мезгил болуп саналат.

3. Отчеттук мезгил үчүн пайдага салыктын алдын ала суммасы бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелер боюнча отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайданын 10 пайызы өлчөмүндө аныкталат.

Пайдага салыктын алдын ала суммасын эсептөөдө ушул Кодекске ылайык пайдага салык салынбаган кирешелер эсепке алынбайт.

4. Отчеттук мезгил үчүн бюджетке төлөнүүгө жаткан пайдага салыктын алдын ала суммасы отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайдага салыктын алдын ала суммасы менен мурдагы отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайдага салыктын алдын ала суммасынын ортосундагы оң айырма катары аныкталат.

5. Салык төлөөчү экономикалык ишке байланышкан чыгымдарды жылдырган учурда, бюджетке пайдага салыктын ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык эсептелген алдын ала суммасы менен ушул Кодекстин 206 жана 223-8-беренелерине ылайык отчеттук салык мезгилине салык алынуучу кирешеден алып салуу катарында жылдырууга жаткан чыгымдардын 10 пайызы өлчөмүндө эсептелген сумманын ортосундагы оң айырма төлөнөт.

6. Пайдага салыктын алдын ала суммасы төлөнбөгөн же өз убагында төлөнбөгөн учурда салык төлөөчүгө карата салыкты төлөбөгөндүк же өз убагында төлөбөгөндүк үчүн ушул Кодексте белгиленген туум колдонулат.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203877/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203877/st-2)
