217-берене
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "217-берене. Пайдага салыктын алдын ала суммасын төлөө
1. Салык төлөөчү пайдасы нөл ставкасы боюнча салык алынуучу жана пайдага салыкты төлөөдөн бошотулган салык төлөөчүнү кошпогондо, экинчи кварталдан тартып квартал сайын салыктык отчеттуулукту берүүгө жана бюджетке отчеттук мезгилден кийин келүүчү экинчи айдын 20нан кийинки күндөн кечиктирбестен пайдага салыктын алдын ала суммасын бюджетке төгүүгө милдеттүү.
2. Учурдагы салык мезгилинин биринчи кварталы, биринчи жарым жылдыгы, биринчи 9 айлыгы пайдага салыктын алдын ала суммасы боюнча отчеттук мезгил болуп саналат.
3. Отчеттук мезгил үчүн пайдага салыктын алдын ала суммасы бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелер боюнча отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайданын 10 пайызы өлчөмүндө аныкталат.
Пайдага салыктын алдын ала суммасын эсептөөдө ушул Кодекске ылайык пайдага салык салынбаган кирешелер эсепке алынбайт.
4. Отчеттук мезгил үчүн бюджетке төлөнүүгө жаткан пайдага салыктын алдын ала суммасы отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайдага салыктын алдын ала суммасы менен мурдагы отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайдага салыктын алдын ала суммасынын ортосундагы оң айырма катары аныкталат.
5. Салык төлөөчү экономикалык ишке байланышкан чыгымдарды жылдырган учурда, бюджетке пайдага салыктын ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык эсептелген алдын ала суммасы менен ушул Кодекстин 206 жана 223-8-беренелерине ылайык отчеттук салык мезгилине салык алынуучу кирешеден алып салуу катарында жылдырууга жаткан чыгымдардын 10 пайызы өлчөмүндө эсептелген сумманын ортосундагы оң айырма төлөнөт.
6. Пайдага салыктын алдын ала суммасы төлөнбөгөн же өз убагында төлөнбөгөн учурда салык төлөөчүгө карата салыкты төлөбөгөндүк же өз убагында төлөбөгөндүк үчүн ушул Кодексте белгиленген туум колдонулат.".
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
217-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203877/st-217" title="217-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>