# КР 2013-жылдын 8-майындагы № 66 "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 8-майындагы № 66 "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203873>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4804/edition/1234665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203873.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 8-майындагы № 66 "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы (24.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203873

---

КР 2023-жылдын 24-февралындагы N 40 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 8-майы № 66

"Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203873/st-1)

"Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 11, 901-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:

1. 13-статьяда:

2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Маалыматтык материалдарды экстремисттик деп таануу жөнүндө талабын билдирген прокурордун сунуштамасынын негизинде алар табылган, жайылтылган же мындай материалдарды өндүрүүнү жүзөгө ашырган уюмдун жайгашкан жери боюнча сот тарабынан таанылат."; 4-бөлүгү "жалпыга маалымдоо каражаттарында" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле экстремисттик аракетке каршылык көрсөтүүнү жүзөгө ашыруучу юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын расмий интернет-сайттарында" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 15-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"Ушул Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган белгилердин бирин эле камтыган басма сөз, аудио-, аудиовизуалдык жана башка материалдардын (чыгармалардын) автору жана (же) аткаруучусу соттун чечими боюнча экстремисттик аракетти жүзөгө ашырган жак катары таанылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат (тартат).".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203873/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
