# 20-4-статья. Социалдык же мамлекеттик жарнакты чыгаруудан жана жайгаштыруудан баш тартуу

- Документ: ["Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203869)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 62 ""Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 26.04.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203869/st-20-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4800/edition/478923/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу, 20-4-статья (26.04.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203869/st-20-4

---

1. Жарнак чыгаруучулар жана жарнак таратуучулар жарнак берүүчүгө социалдык же мамлекеттик жарнактарды чыгаруудан жана жайгаштыруудан төмөнкү учурларда баш тартууга укугу бар, эгер аларда:

- коммерциялык уюмдардын аталышы жана анын логотиптери, жеке ишкерлердин фамилиялары жана аты-жөнү, товардык белгилеринин аталыштары жана үлгүлөрү, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн дайындуу маркалары (моделдери, артикулдары) камтылса;

- саясий максаттарды көздөгөн саясий партиялардын жана алардын символдору, адамдын же адамдардын топторунун эскерүүлөрү камтылса;

- автордук жана чектеш укуктар жөнүндө мыйзамдар бузулса;

- адамдын укугу жана эркиндиги бузулса;

- жарнак таратуучулардын техникалык талаптарына ылайык келбесе;

- узактыгы 1 мүнөттөн жогору болсо же болбосо жарнак аянтынын болгон өлчөмүнөн ашып кетсе.

2. Социалдык же мамлекеттик жарнакты чыгаруудан жана жайгаштыруудан баш тартуу табыштама келип түшкөн күндөн кийин 10 жумушчу күндөн кечиктирилбестен жазуу жүзүндө жүзөгө ашырылат.

Баш тартуу төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

1) социалдык же мамлекеттик жарнакты чыгаруудан жана жайгаштыруудан баш тартуу негизделген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине дайындуу шилтемелери көрсөтүлгөн жүйөөсү;

2) социалдык же мамлекеттик жарнакты чыгаруудан жана жайгаштыруудан баш тартууга даттануунун ыкмасы жана тартиби.

3. Социалдык же мамлекеттик жарнакты чыгарууга, жайгаштырууга жана таратууга жолтоо болгон жарнак чыгаруучулардын жана жарнак таратуучулардын кандайдыр бир аракеттерине ушул Мыйзамдын 20-1 - 20-3-статьяларында белгиленген чектерде жол берилбейт. Ушундай аракеттер жасалган учурда алар белгиленген тартипте сотко даттанылууга жатат.

---

Мурунку берене: [20-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203869/st-20-3)  
Кийинки берене: [20-5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203869/st-20-5)
