# 20-3-статья. Социалдык жарнакты жайгаштыруу үчүн лимит

- Документ: ["Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203869)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 62 ""Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 26.04.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203869/st-20-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4800/edition/478923/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу, 20-3-статья (26.04.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203869/st-20-3

---

1. Жарнак таратуучулар социалдык жарнакты жайгаштыруу үчүн лимиттин чектеринде жарнак аянтын - өткөн айда пайдаланылган жарнак аянтчаларынын жалпы көлөмүнүн бир айда 5 пайызын бөлүп берүүгө милдеттүү.

2. Жарнак таратуучулар социалдык жарнакты жайгаштыруу үчүн лимиттин чектеринде жарнак аянтын бир айдын ичинде бирдей өлчөмдө бөлүштүрүүгө тийиш.

3. Жарнак таратуучулар социалдык жарнакты жайгаштыруу жөнүндө жазуу жүзүндө табыштама менен кайрылган бардык жарнак берүүчү үчүн лимиттин чектеринде жарнак аянтын ушул Мыйзамдын 20-2-статьясынын 5-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө бирдей өлчөмдө бөлүштүрүүгө тийиш.

4. Бир эле темада социалдык жарнак берген бир же бир нече жарнак берүүчүгө социалдык жарнакты жайгаштыруу үчүн лимиттин чектеринде бардык жарнак аянтын берүүгө жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [20-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203869/st-20-2)  
Кийинки берене: [20-4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203869/st-20-4)
