# 20-2-статья. Социалдык жана мамлекеттик жарнактарды жайгаштыруу

- Документ: ["Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203869)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 62 ""Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 26.04.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203869/st-20-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4800/edition/478923/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу, 20-2-статья (26.04.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203869/st-20-2

---

1. Мамлекеттик жана муниципалдык жарнак таратуучулар, ошондой эле коомдук, мамлекеттик жана муниципалдык жалпыга маалымдоо каражаттары социалдык жарнактарды акысыз негизде таратууну жүзөгө ашырат.

Башка жарнак таратуучулар социалдык жарнактарды таратууну жеңилдетилген шарттарда жүзөгө ашырат. Социалдык жарнакты таратуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы коммерциялык жарнактарды чыгаруу боюнча ошол эле жарнак таратуучулар көрсөткөн окшош кызмат көрсөтүүнүн наркынын 50 пайызынан жогору болбоого тийиш.

2. 1-бөлүктө көрсөтүлгөн социалдык жарнактарды жайгаштыруу шарттары ушул Мыйзамдын 20-3-статьясында белгиленген лимиттердин чектеринде гана милдеттүү.

3. Мамлекеттик жарнакты таратуу мамлекеттик социалдык тапшырыктын негизинде гана жүзөгө ашырылат.

4. Жарнак таратуучулар төмөнкүдөй социалдык жана мамлекеттик жарнакты таратууну жүзөгө ашырууга милдеттүү:

- телерадиокомпаниялардын оболорунда 8.00дөн 23.00гө чейинки же болбосо социалдык жарнактын адистештирилген блогунда 18.00дөн 23.00гө чейинки мезгилде;

- басма аянтчаларынын так сандуу беттеринде;

- калктуу конуштардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан жарнак аянтчаларында же болбосо адамдар көп чогулган жерлеринде.

5. Жарнак берүүчү болжолдонгон жайгаштыруу датасына чейин 30 күн калганда социалдык жарнакты жайгаштыруу ниетин билдирүү жөнүндө жарнак таратуучуларга жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш.

Жарнак берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү табыштамасына социалдык жарнактын үлгүсү тиркелүүгө тийиш. Жарнак таратуучу жарнак берүүчүнүн табыштамасына 10 жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө жооп берүүгө тийиш.

6. Социалдык жарнакты жайгаштыруунун кезеги лимиттин чектеринде жарнак берүүчүдөн жазуу жүзүндө алынган табыштаманын негизинде жарнак таратуучу тарабынан аныкталат.

Лимиттен ашып кеткенде калгандарынан эрте келген жазуу жүзүндө табыштама берген жарнак берүүчүлөр артыкчылыкка ээ болушат.

7. Эгерде жарнак берүүчү ушул статьянын 5-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө жазуу жүзүндө табыштама менен кайрылса, жарнак берүүчүлөр тарабынан сунушталган социалдык жана мамлекеттик жарнак жайгаштыруу убактысына жана каражаттарына тийиштүү шарттар жарнак таратуучулар үчүн артыкчылыктуу болуп саналат.

---

Мурунку берене: [20-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203869/st-20-1)  
Кийинки берене: [20-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203869/st-20-3)
