# 20-1-статья. Социалдык жана мамлекеттик жарнакты чыгаруу

- Документ: ["Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203869)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 62 ""Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 26.04.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203869/st-20-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4800/edition/478923/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу, 20-1-статья (26.04.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203869/st-20-1

---

1. Жарнак чыгаруучулар социалдык жарнакты чыгарууну жеңилдетилген шарттарда жүзөгө ашырат.

Социалдык жарнакты чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы ошол эле жарнак чыгаруучулардын коммерциялык жарнактарды чыгаруу боюнча көрсөткөн окшош кызмат көрсөтүүнүн наркынын 50 пайызынан жогору болбоого тийиш.

2. Мамлекеттик жарнактарды чыгаруу мамлекеттик социалдык тапшырыктын негизинде гана жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203869/st-1)  
Кийинки берене: [20-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203869/st-20-2)
