# 1-берене

- Документ: ["Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203869)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 62 ""Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 26.04.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203869/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4800/edition/478923/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203869/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу, 1-берене (26.04.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203869/st-1

---

"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"мамлекеттик жарнак - алардын кызыкчылыктарын жылдырууга, алардын милдеттерин, функцияларын, долбоорлорун, программаларын жана алар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды таанытууга жана башка максаттарга багытталган, жарандарды төмөнкүлөргө ниеттендирүүдөн көрүнгөн республикалык жана жергиликтүү мамлекеттик институттардын жарнагы:

- мамлекет алдында милдеттенмелерди аткарууга;

- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоого;

- республикалык, жергиликтүү, ведомстволук бюджеттердин долбоорлорун коомдук талкуулоого;

- согуш шарттарында мамлекетти коргоого;

- өзгөчө кырдаалдар шарттарында мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардам көрсөтүүгө;

- коопсуздук маселелерине тиешелүү белгиленген ченемдерди жана эрежелерди сактоого;

- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка кызматташууга;

жарнак аянты - жарнакты жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу жеке жана юридикалык жактардын мүлкү, ободогу убакыт, басма аянты жана башка каражаттар; социалдык жарнак - коомдук кызыкчылыктарды алга жылдыруучу жана социалдык пайдалуу максаттарга жетишүүгө багытталган, төмөнкүлөрдө көрүнгөн жарнак:

- жүрүм-турум маданиятын калыптандырууда;

- калктын айрым социалдык жактан алсыз топторуна карата коомдо сабырдуу мамиле жасоону калыптандырууда;

- адамдын жана жарандын укуктарын сактоодо жана басмырлоонун бардык формаларын түп тамырынан бери жоготууда;

- кылмыштуулуктун жана коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүдө;

- оорулардын алдын алууда жана дарылоодо;

- баңгиликтин таралышын алдын алууда;

- калкты жеке жана коомдук коопсуздуктун талаптарын сактоосуна ниеттендирүүдө;

- табигый, техногендик, биологиялык-социалдык, социалдык, чыр чатактуу мүнөздөгү коркунучтар жөнүндө жарандардын кабардар болуусун жогорулатууда;

- курчап турган чөйрөнү коргоодо;

- табигый, тарыхый, маданий, искусство жана илимий эстеликтерди сактоодо;

- өлкөдө маданий жана улуттук көп түрдүүлүктү сактоодо;

- энени жана баланы колдоодо, өлкөдө демографиялык кырдаалды жакшыртууда;

- меценаттык жана кайрымдуулук маданиятын өнүктүрүүдө жана колдоодо.".

2. 18-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы II-1-глава менен толукталсын:

"II-1-глава Социалдык жана мамлекеттик жарнак

---

Кийинки берене: [20-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203869/st-20-1)
