Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 26.04.2013 редакциясы
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-жыл, № 6, 273-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьяда:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. ФОЭС боюнча Комитеттин фонду (Лондон шаары) тарабынан кабыл алган Финансылык отчеттун эл аралык стандарты (мындан ары - ФОЭС) менчигинин түрүнө карабастан, ачык кызыкчылыктын субъекттери үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчетту түзүүнүн бирдиктүү усулдук негизи болуп саналат. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй болуп саналган субъект ачык кызыкчылыктын субъекттери деп түшүнүлөт:
- баалуу кагаздары фонд биржасынын листингине киргизилген эмитент;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу банк же башка финансылык-кредиттик мекеме;
- инвестициялык фонд, камсыздандыруу компаниясы, мамлекеттик эмес пенсиялык фонд.
Эгерде ушул статьяда башкача каралбаса, менчигинин түрүнө карабастан ачык кызыкчылыктын субъекттерин кошпогондо, субъекттер үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу финансылык отчетту түзүүнүн бирдиктүү усулдук негизи ФОЭС боюнча Комитеттин фонду (Лондон шаары) тарабынан кабыл алынган чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн финансылык отчеттун эл аралык стандарты (мындан ары - ЧОИ үчүн ФОЭС) болуп саналат."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-2-пункт менен толукталсын: "2-2. Чакан ишкердиктин субъекттери бухгалтердик эсепти жүргүзүүнү жана финансылык отчетту түзүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген жөнөкөйлөштүрүлгөн эрежелерге ылайык жүзөгө ашырат. Эсепке алуу саясатын бекиткен алардын жетекчи органдарынын чечими боюнча чакан жана орто ишкердиктин субъекттери ыктыярдуу негизде ФОЭСке же ЧОИ үчүн ФОЭСке ылайык финансылык отчетту түзүүгө укуктуу. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык ушундай деп аныкталган субъекттер кичи ишкердиктин субъекттери деп түшүнүлөт.".
2. 3-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацы "ФОЭС" деген аббревиатурадан кийин "ЧОИ үчүн ФОЭС" деген аббревиатуралар жана сөз менен толукталсын.
3. 4-статьянын 1-пунктундагы ", ыйгарым укуктуу органдын ченемдик актыларынан" деген сөздөр алып салынсын.
4. 6-статьянын 2-пунктунда:
экинчи абзацындагы "Комитет" деген сөз "Комитеттин фонду" деген сөздөргө алмаштырылсын; үчүнчү жана сегизинчи абзацтарындагы "ФОЭС" деген аббревиатурадан кийин "ЧОИ үчүн ФОЭС" деген аббревиатуралар жана сөз менен толукталсын.
5. 10-статьяда:
1-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Субъекттер ушул Мыйзамдын 1-статьясында көрсөтүлгөн эрежелерге ылайык финансылык отчетту түзүүгө милдеттүү"; 2-пунктундагы "белгиленген тартипте ратификацияланган Эл аралык келишимдерде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 26.04.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Бухгалтердик эсеп жөнүндөЗакон · 29.04.2002 · № 76
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203868/st-1" title="1-берене - Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>