# 35-1-статья. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө маалыматтарга карата талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203867)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 26 - апрелиндеги № 60 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 26.04.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203867/st-35-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4798/edition/764897/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 35-1-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203867/st-35-1

---

1. Пайыздардын ставкаларынын (пайыздык ставкалардын), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сыйакылардын жана тарифтердин өлчөмдөрү жөнүндө маалымат ачык болууга тийиш жана коммерциялык же банктык жашыруун сырдын предмети болушу мүмкүн эмес. Берилүүчү микрокредиттердин (лизингдин) ар бир түрү боюнча пайыздын ставкасы кардарлар үчүн мезгил үчүн пайыздык ставка менен катар жылдык номиналдуу туюнтмасы жана пайыздын натыйжалуу ставкасынын усулу боюнча жылдык эсептөөдө берилиши керек. Пайыздын номиналдуу ставкасы кредиттин негизги суммасынын азайып бара жаткан калдыгына карата эсептелүүгө тийиш. Кардарларга берүү максаттары үчүн пайыздын натыйжалуу ставкасын аныктоо жана эсептөө усулу Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

2. Пайыздын номиналдуу жана натыйжалуу ставкасы жөнүндө маалымат менен катар микрофинансы уюму кардар менен микрокредит (лизинг) боюнча келишим түзүүгө (кол коюуга) чейин кардарга микрокредит боюнча келишимди түзүү жана аны аткаруу менен байланышкан микрокредиттин негизги суммасын, пайыздарын, комиссиялык жыйындарды жана башка төлөөлөрдү өз өзүнчө көрсөтүү менен микрокредиттин абсолюттук маанидеги толук наркы жөнүндө маалыматты кардарга берүүгө милдеттүү. Микрофинансы уюму кардарларга кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө толук маалымат берүүдөн баш тартууга укуксуз. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын бурмалоочу жана кредит боюнча төлөөлөрдү кредиттик келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индекстештирүүнү караган кредиттик продукцияларды пайдаланууга жол берилбейт.

3. Берилүүчү микрокредиттер (лизинг) боюнча пайыздардын ставкалары жөнүндө маалыматты жарнамалоодо, жарыялоодо жана таратууда микрофинансы уюмдары пайыздардын номиналдуу жана натыйжалуу ставкаларын көрсөтүүгө милдеттүү. Пайыздардын номиналдуу жана натыйжалуу ставкалары, комиссиялык сыйакынын өлчөмдөрү жана тарифтери микрофинансы уюму менен кардардын ортосунда түзүлүүчү келишимде көрсөтүлүүгө тийиш. Келишимге ылайык депозиттер жана кредиттер боюнча пайыздык ставкалардын чоңдугу тараптардын өз ара макулдугу боюнча экономикада түзүлгөн кырдаалды эсепке алуу менен, мезгил-мезгилинде кайра каралып турушу мүмкүн.

4. Микрофинансы секторундагы үстөмдүк абалды болтурбоо, ошондой эле микрофинансы уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын транспаренттүүлүгүн микрофинансы уюмдары тарабынан монополияга каршы мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу максатында Улуттук банк тарабынан контролдукка алынат. Бул максаттарда Улуттук банк ченемдик укуктук актыларды чыгарууга жана монополияга каршы мамиле жасоо чараларын көрүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203867/st-1)  
Кийинки берене: [35-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203867/st-35-2)
