# КР 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 58 ""Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 58 ""Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203865>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4796/edition/477564/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203865.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 58 ""Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы (24.04.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203865

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 24-апрели № 58

"Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203865/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 199-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "ишкердиктин" деген сөз "соода ишинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер пайдаланылат: соода иши (соода) - товарларды сатып алууга жана сатууга байланышкан ишкердик иштин түрү; товар - сатуу же алмаштыруу үчүн арналган жүгүртүүдөн алып салынбаган эмгектин кандай болбосун продуктусу; соода ишинин субъекттери - белгиленген тартипте катталган жана өз ишин соода чөйрөсүндө жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле эгерде соода чөйрөсүндө ишкердик иш жүргүзүү алардын уставында бекитилсе коммерциялык эмес уюмдар; соода объекти (соода ишканасы) - соода чөйрөсүндө ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн соода ишинин субъекттери тарабынан пайдаланылуучу мүлктүк комплекс, ошондой эле башка мүлк; ички соода (ички соода иши) - Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу соода иши; социалдык мааниге ээ соода иши - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандардын социалдык жактан алсыз категорияларынын керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган соода ишинин түрү; социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарлары - тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген, калктын биринчи даражадагы керектөөлөрүн канааттандыруучу үчүн тамак-аштын базалык продуктулары.".

3. 4-статьяда:

1-пунктундагы "сапаттуу" деген сөздөн кийин ", коопсуз" деген сөз менен толукталсын; 3-пунктундагы "соода уюмдарынын" деген сөздөр "соода ишинин субъекттеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 6-статьяда:

1-пунктундагы "теңдештигин" деген сөздөн кийин "жана атаандаштыгын өнүктүрүүнү" деген сөздөр менен толукталсын; 4 жана 5-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын: "6) ошол региондун аймагында мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган чектерде жана тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү.".

5. 7-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларына ылайык соода ишин уюштурууга жана жүзөгө ашырууга карата атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо максатында талаптарды белгилөө;".

6. 8-статьянын экинчи-бешинчи жана жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

7. 9-статьянын биринчи абзацындагы "жайларды" жана "ээлегендик үчүн" деген сөздөрдөн кийин тиешелүүлүгүнө жараша "соода ишинин субъекттерин" жана "жана соода объекттерин" деген сөздөр менен толукталсын.

8. 11-статьяда:

статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Социалдык мааниге ээ соода иши жана жарандардын айрым категорияларын коргоо"; статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "- жарандардын социалдык жактан алсыз категорияларынын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларынын тизмеги жана аларга бааны жөнгө салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".

9. 12-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203865/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
