# 1-берене

- Документ: [Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203864)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 57 "Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203864/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4795/edition/1119832/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203864/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө, 1-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203864/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 28-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"28-берене. Салык төлөөчүнүн электрондук документи жана санариптик кол тамгасы "Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, электрондук санариптик кол тамга жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык түзүлгөн жана кол коюлган документ салык төлөөчүнүн электрондук документи жана электрондук санариптик кол тамгасы болуп саналат.".

2. 86-беренеде:

4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, салык отчетун электрондук түрдө түзүүдө электрондук документ салык төлөөчүнүн электрондук санариптик кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш."; берене төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын: "10. Салык отчетун электрондук түрдө электрондук санариптик кол тамгасыз берүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жол берилет.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203864/st-2)
