# КР 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 54 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 54 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203861>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4792/edition/452701/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203861.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 54 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203861

---

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 18-апрели № 54

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203861/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 167-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - элүү, кызмат адамдарына жүз элүү, юридикалык жактарга - үч жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

2. 174-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - отуз, кызмат адамдарына жүз, юридикалык жактарга - эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

3. 179-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - элүү, кызмат адамдарына жүз элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

4. 16-глава төмөнкүдөй мазмундагы 179-1-статья менен толукталсын:

"179-1-статья. Өзгөчө коргоодогу табигый аймактарды коммуналдык-турмуш-тиричилик калдыктары, таштандылар жана акыр-чикирлер менен булгоо Мамлекеттик коруктардын, заказниктердин, улуттук жаратылыш парктарынын, дарылоочу-ден соолук чыңдоочу жана санаториялык-курорттук зоналардын, мамлекеттин коргоосуна алынган кадыресе же сейрек ландшафттардын, жаратылыш эстеликтеринин аймактарын акыр-чикирлерге толтуруу же коммуналдык-турмуш-тиричилик калдыктары, таштандылар жана акыр-чикирлер менен булгоо, - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - отуз, кызмат адамдарына элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

5. 180-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - элүү, кызмат адамдарына жүз, юридикалык жактарга - эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

6. 181-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн - жүз элүү, юридикалык жактарга - беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

7. 488-статьянын экинчи абзацындагы "бир" жана "экиден беш" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "он" жана "элүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

8. 509-статьядагы "487-497" деген сандар "487, 488-497" деген сандарга алмаштырылсын.

9. 526-статьянын 1-бөлүгүндөгү "196" деген сандан кийин ", 488, 489" деген сандар менен толукталсын.

10. 534-1-статьядагы "490, 491" деген сандар "488-491" деген сандарга алмаштырылсын.

11. 539-статьянын 1-бөлүгүндөгү ", 489" деген сан алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203861/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
