1-берене
Күчүндө · 11.04.2013 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 7-статьянын 6-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ички иштер органдарынын кызматкерлерине иш таштоолорду уюштурууга жана аларды өткөрүүгө катышууга, тынч чогулуштарды өткөрүүнү уюштуруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда анын катышуучусу катары тынч чогулуштарга катышууга, ишкердикти жүргүзүүгө тыюу салынат.".
2. 8-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 20-пункт менен толукталсын:
"20) тынч чогулуштардын катышуучуларына сый мамиле кылууга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын тоскоолдуксуз иштөөсүн камсыз кылууга, ошондой эле тынч чогулуштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерди аткарууга жана чектөөлөрдү сактоого.".
Берененин тексти 11.04.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203858/st-1" title="1-берене - "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>