# КР 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 51 ""Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 51 ""Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203858>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4789/edition/452695/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203858.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 51 ""Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (11.04.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203858

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 11-апрели № 51

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203858/st-1)

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1. 7-статьянын 6-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ички иштер органдарынын кызматкерлерине иш таштоолорду уюштурууга жана аларды өткөрүүгө катышууга, тынч чогулуштарды өткөрүүнү уюштуруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда анын катышуучусу катары тынч чогулуштарга катышууга, ишкердикти жүргүзүүгө тыюу салынат.".

2. 8-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 20-пункт менен толукталсын:

"20) тынч чогулуштардын катышуучуларына сый мамиле кылууга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын тоскоолдуксуз иштөөсүн камсыз кылууга, ошондой эле тынч чогулуштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерди аткарууга жана чектөөлөрдү сактоого.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203858/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
