# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203857)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 50 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203857/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4788/edition/856090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203857/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203857/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 42-статьянын 2-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) атайын, аскердик, ардактуу наамынан, класстык ченинен, атайын класстык ченинен, дипломатиялык рангынан жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу;".

2. 51-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"51-статья. Атайын, аскердик, ардактуу наамдардан же класстык чендерден ажыратуу Оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн сот күнөөлүүнүн инсандыгын эске алуу менен аны атайын, аскердик, ардактуу наамынан, класстык ченинен, атайын класстык ченинен, дипломатиялык рангынан жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратышы мүмкүн.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203857/st-2)
