# КР 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 50 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 50 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203857>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4788/edition/856090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203857.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 50 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203857

---

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 11-апрели № 50 Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203857/st-1)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 42-статьянын 2-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) атайын, аскердик, ардактуу наамынан, класстык ченинен, атайын класстык ченинен, дипломатиялык рангынан жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу;".

2. 51-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"51-статья. Атайын, аскердик, ардактуу наамдардан же класстык чендерден ажыратуу Оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн сот күнөөлүүнүн инсандыгын эске алуу менен аны атайын, аскердик, ардактуу наамынан, класстык ченинен, атайын класстык ченинен, дипломатиялык рангынан жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратышы мүмкүн.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203857/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
