# КР 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 47 "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 47 "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 47
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203854>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203854/edition/643251/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203854.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 47 "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203854

---

КР 2026-жылдын 21-майындагы N 72 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 5-апрели № 47

"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203854/st-1)

"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1019-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 8-беренеде: 1-бөлүгүндө: 1-пунктундагы "анын техникалык функциялары менен шартталган товарларды кошпогондо," деген сөздөр "товарды же анын бөлүктөрүн көчүрүп алуу техникалык колдонуу менен гана шартталган учурларды кошпогондо" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-пунктундагы "патенттик-лицензиялык" деген сөздөр "патенттик" деген сөзгө алмаштырылсын; 3-пунктундагы "тейлөөнүн бөтөн товардык белгисин" деген сөздөр "товардык белгисин, тейлөө белгисин" деген сөздөргө алмаштырылсын; ", товардык маркасын" деген сөздөр алып салынсын; 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5) башка чарба жүргүзүүчү субъекттин продукциясын анын интеллектуалдык иштин натыйжаларына жана аларга теңештирилген жарандык карым-катнашка катышуучуларды, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жекече түргө өткөрүү каражаттарына укуктарын бузуу жолу менен даярдоого, сатууга жана рынокко башкача киргизүүгө (укукка сыйбаган пайдаланууга);"; 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Жарандык карым-катнашка катышуучулардын, товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өзгөчө укукту алуу жана пайдалануу менен байланышкан кара ниет атаандаштыкка жол берилбейт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203854/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Президенти | А.Атамбаев |
