Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 21 мая 2026 года № 72 "О конкуренции"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-05-21.
КР 2026-жылдын 21-майындагы N 72 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 5-апрели № 47
"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1019-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 8-беренеде: 1-бөлүгүндө: 1-пунктундагы "анын техникалык функциялары менен шартталган товарларды кошпогондо," деген сөздөр "товарды же анын бөлүктөрүн көчүрүп алуу техникалык колдонуу менен гана шартталган учурларды кошпогондо" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-пунктундагы "патенттик-лицензиялык" деген сөздөр "патенттик" деген сөзгө алмаштырылсын; 3-пунктундагы "тейлөөнүн бөтөн товардык белгисин" деген сөздөр "товардык белгисин, тейлөө белгисин" деген сөздөргө алмаштырылсын; ", товардык маркасын" деген сөздөр алып салынсын; 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5) башка чарба жүргүзүүчү субъекттин продукциясын анын интеллектуалдык иштин натыйжаларына жана аларга теңештирилген жарандык карым-катнашка катышуучуларды, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жекече түргө өткөрүү каражаттарына укуктарын бузуу жолу менен даярдоого, сатууга жана рынокко башкача киргизүүгө (укукка сыйбаган пайдаланууга);"; 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Жарандык карым-катнашка катышуучулардын, товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өзгөчө укукту алуу жана пайдалануу менен байланышкан кара ниет атаандаштыкка жол берилбейт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Президенти | А.Атамбаев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Атаандаштык жөнүндөЗакон · 21.05.2026 · № 72
- Атаандаштык жөнүндөЗакон · 22.07.2011 · № 116 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Атаандаштык жөнүндөЗакон · 21.05.2026 · № 72