# 27-статья. СПАнын жана СПАнын бирликтеринин ишин мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо

- Документ: ["Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203853)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 30-мартындагы № 46 ""Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203853/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4784/edition/452685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203853/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 27-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203853/st-27

---

СПАнын жана СПАнын бирликтеринин ишин мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан СПАнын ишин координациялоо жана контролдоо боюнча функциялар жүктөлгөн жөнгө салуучу орган тарабынан жүзөгө ашырылат. СПАнын жана СПАнын бирликтеринин ишин көзөмөлдөө боюнча өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн СПАнын жөнгө салуучу органы төмөнкүлөргө укуктуу:

- СПАнын мүчөлөрүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга же текшерүү жүргүзүү үчүн көз карандысыз аудиторлорду тартууга;

- СПАнын жана СПАнын бирликтеринин белгиленген үлгүдөгү реестрин жүргүзүүгө;

- СПАга жана СПАнын бирликтерине юридикалык, бухгалтердик жана техникалык маселелер боюнча кеңеш берүүнү жана жардам берүүнү камсыз кылууга;

- белгиленген тартипте магистралдык сугат тутумунун тийиштүү бөлүгүн СПАнын бирликтерине пайдаланууга жана башкарууга өткөрүп берүүгө;

- ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка милдеттерди аткарууга.

СПАнын жана СПАнын бирликтеринин жетекчи адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык отчеттордун туура эместиги жана өз убагында берилбегендиги үчүн жоопкерчилик тартышат.".

---

Мурунку берене: [26-4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203853/st-26-4)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203853/st-2)
