27-статья. СПАнын жана СПАнын бирликтеринин ишин мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо
Күчүн жоготкон · 27.06.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2025 года № 129.
СПАнын жана СПАнын бирликтеринин ишин мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан СПАнын ишин координациялоо жана контролдоо боюнча функциялар жүктөлгөн жөнгө салуучу орган тарабынан жүзөгө ашырылат. СПАнын жана СПАнын бирликтеринин ишин көзөмөлдөө боюнча өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн СПАнын жөнгө салуучу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
- СПАнын мүчөлөрүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга же текшерүү жүргүзүү үчүн көз карандысыз аудиторлорду тартууга;
- СПАнын жана СПАнын бирликтеринин белгиленген үлгүдөгү реестрин жүргүзүүгө;
- СПАга жана СПАнын бирликтерине юридикалык, бухгалтердик жана техникалык маселелер боюнча кеңеш берүүнү жана жардам берүүнү камсыз кылууга;
- белгиленген тартипте магистралдык сугат тутумунун тийиштүү бөлүгүн СПАнын бирликтерине пайдаланууга жана башкарууга өткөрүп берүүгө;
- ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка милдеттерди аткарууга.
СПАнын жана СПАнын бирликтеринин жетекчи адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык отчеттордун туура эместиги жана өз убагында берилбегендиги үчүн жоопкерчилик тартышат.".
Берененин тексти 27.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203853/st-27" title="27-статья - "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>