# 26-2-статья. СПАнын бирлигин түзүү

- Документ: ["Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203853)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 30-мартындагы № 46 ""Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203853/st-26-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4784/edition/452685/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 26-2-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203853/st-26-2

---

1. СПАнын бирлиги бардык субъекттердин ыктыярдуу макулдугунун негизинде бир магистралдык тутумдан суу алган эки же андан көп СПА тарабынан уюштурулат.

2. СПАнын бирлигин мамлекеттик каттоо "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

3. СПАнын бирлигинин мүчөлөрү өздөрүнүн өз алдынчалыгын жана юридикалык жактын укуктарын сакташат.

4. СПАнын бирлигинин Уставы менен СПАнын бирлигинин мүчөлөрү болуп саналган СПАлардын ортосундагы талаш-талаштарды чечүү боюнча комиссия түзүү каралышы мүмкүн.

5. СПАнын бирлигине ушул Мыйзамдын жалпы жоболору, ошондой эле СПАны жөнгө салуучу жоболор жайылтылат.

---

Мурунку берене: [26-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203853/st-26-1)  
Кийинки берене: [26-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203853/st-26-3)
