1-берене
Күчүн жоготкон · 27.06.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2025 года № 129.
"Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 158-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын аталышы "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары)" деген сөздөрдөн кийин "жана сууну пайдалануучулардын бирликтери" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-статья. Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана алардын бирликтери жөнүндө мыйзамдар
Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана алардын бирликтери жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинен, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.".
3. 2-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Сууну пайдалануучулардын бирикмеси (ассоциациясы) (мындан ары СПА) - сугат тутумун пайдалануу жана күтүү максатында ушул Мыйзамга ылайык сууну пайдалануучулар тарабынан уюштурулган уюм."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "СПАнын бирлиги - магистралдык сугат тутумдарын биргелешип башкаруу, пайдалануу жана техникалык тейлөө үчүн эки же андан көп СПАдан уюштурулган коммерциялык эмес уюм."; 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Сугат тутумдары - сугат тутумдарын күтүүнү, пайдаланууну жана оңдоону камсыз кылуу үчүн бөлүнүп берилген ээликтен ажыратылган бардык жер тилкелерин кошуп алганда жолдор, имараттар, электр берүү линиялары жана башка инфратүзүмдөр менен байланышкан сугат жана дренаж каналдарынын, түтүк өткөргүчтөрдүн, гидротехникалык курулмалардын, насостук станциялардын, скважиналардын, суу сактагычтардын, көлмөлөрдүн жана суу топтоочу жайлардын тармагы."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "СПАнын бирлигинин тейлөө зонасы - СПАнын курамына кирген, СПАга суу берүү үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте СПАнын бирлигине өткөрүлүп берилген чарбалар аралык сугат жана дренаж тутумдары жайгашкан географиялык аймак."; 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Сууну берип туруучу - сугат тутумун пайдалануу жана техникалык тейлөө үчүн жооптуу, контракттын негизинде сууну пайдалануучулардын ассоциациясына же башка адамга сууну алуучу жана транспорттоочу мамлекеттик суу чарба уюмунун аймактык органы же кандай болбосун башка юридикалык жак."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын: "Магистралдык сугат тутуму - сугаруу үчүн эки же андан көп СПАга суу берүү жүргүзүлгөн сугат тутуму.".
4. 3-статьянын 2-пунктунда:
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- сууну берүүгө контракттын негизинде сууну берип туруучудан сугат сууну алуу же алынган лицензияга ылайык табигый суу объекттеринен (дарыялардан, көлдөрдөн жана жер алдындагы булактардан) сууну өз алдынча топтоону жана СПАнын тейлеген зонасынын ичинде сууну пайдаланууну жана бөлүштүрүүнү жөнгө салууну белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу;"; жетинчи абзацындагы "сууну жеткирүүнү башкаруу жана" деген сөздөр алып салынсын.
5. 5-статьянын 7-пунктунун төртүнчү абзацындагы "сууну берүүчүдөн" деген сөздөр "сууну берип туруучудан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 6-статьяда:
1-бөлүгүндөгү "Юридикалык жакты" деген сөздөрдөн кийин ", филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү)" деген сөздөр менен толукталсын; 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
7. 16-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-статья. СПАнын Кеңешинин аткаруу органы
1. СПАнын дирекциясы СПАнын Кеңешинин аткаруу органы болуп саналат.
2. СПАнын Уставы менен дирекцияга төмөнкүлөр тапшырылышы мүмкүн:
- СПАнын Кеңешине берүү үчүн бюджеттин долбоорун, сугат тутумун пайдалануунун жана күтүүнүн жумушчу планын жана башка талап кылынган документтерди даярдоо;
- СПАнын мүчөлөрүнүн жана мүчө эместердин реестрин жүргүзүү, ал жыл сайын кайра каралып жана жаңырып турууга жана СПАнын тейлеген зонасынын ичинде СПАнын ар бир мүчөсүнүн жана мүчө эместердин жер участогунун өлчөмүнүн жана жайгашуусунун баяндамасын, СПА тарабынан алынган суунун өлчөмүн каттоо журналын, СПАнын мүчөлөрүнүн жана мүчө эместердин сугат суусун берүүгө болгон табыштама журналын жана жүргүзүлгөн сугаттардын санын камтууга тийиш;
- сугат тутумдарын күтүүнү жана техникалык тейлөөнү камсыз кылуу;
- СПАнын тейлөө зонасында сугат тутумдарын күтүү жана пайдалануу боюнча бекитилген бюджетке жана иш планга ылайык, СПАнын Кеңеши менен макулдашылгандан кийин СПАнын атынан контракттарды даярдоо жана түзүү;
- сууну берип туруучу менен суу берүүнүн көлөмдөрүн жана графиктерин макулдашуу жана аны СПАнын мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүү;
- СПАнын дирекциясынын штатына жалдап алуу жана иштен бошотуу жана анын ишине көзөмөлдүк кылуу;
- СПАнын дирекциясынын бардык жалданма кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болуп саналган буйруктарды жана нускамаларды чыгаруу;
- СПАнын Кеңеши тарабынан бекитилген жобого ылайык СПАнын банктык эсептерин башкаруу;
- СПАнын Кеңеши тарабынан аныкталган же ушул Мыйзамда белгиленген башка маселелер.
3. СПАнын директору жана бухгалтери СПАнын Кеңеши тарабынан жалданат.
4. СПАнын директорунун жана бухгалтеринин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү эмгек келишими (контракт) менен аныкталат.".
8. 17-статьянын 1-пунктундагы "жана анын төрагасынын" деген сөздөр анын төрагасынын жана СПАнын дирекциясынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 22-статьянын 2-бөлүгүндөгү "суу берүүчүлөрдүн" деген сөздөр "сууну берип туруучунун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 23-статьянын 2-бөлүгүндөгү "сугат фондун" деген сөздөр "тейлөө зонасынын ичиндеги сугат тутумдарын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 24-статьянын 1-бөлүгү "же пайдалануучуларга" деген сөздөрдөн кийин "жыл сайын түзүлгөн келишимдердин негизинде" деген сөздөр менен толукталсын.
12. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы IV-1 глава менен толукталсын:
"IV-1 глава СПАнын бирлиги
Берененин тексти 27.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексиКодекс · 27.06.2025 · № 128
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 38 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203853/st-1" title="1-берене - "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>