# 7-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органга кызматка кабыл алуудагы жана кызмат өтөөдөгү чектөөлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203846)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.07.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 28 июля 2017 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с реформированием системы правоохранительных органов в целях обеспечения эффективной борьбы с коррупцией и преступлениями в сфере экономики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111669)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4777/edition/824286/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203846/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө, 7-берене (28.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-7

---

1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органга жарандар төмөнкүдөй учурларда кызматка алынышпайт же баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөй алышпайт: аларды эмгекке жарамсыз же эмгекке жарамдуулугу чектелүү деп тааныган соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу; бар же болгон соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына, же кылмыш жоопкерчилигине тартылганына карабастан, бирок кийин тергөө органы же болбосо сот тарабынан ага карата кылмыш иши реабилитацияланбоочу жагдайлар боюнча токтотулганда.

2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) педагогикалык, илимий жана башка чыгармачылык иштен тышкары айкалыштыруу шартында кандай болбосун акы төлөнүүчү жумуштарды аткарууга;

2) жеке өзү же ортомчулар аркылуу ишкердик жүргүзүүгө;

3) өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган кандай болбосун көмөк көрсөтүүгө жана ал үчүн сыйакы, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жеңилдиктерди алууга;

4) саясий партиянын, коомдук же диний бирикменин мүчөсү болууга, кайсы бир саясий партияны, коомдук же диний бирикмени колдоп чыгууга, ошого тете мындай уюмдарды түзүүгө жана катышууга;

5) иш таштоолорду, манифестацияларды, митингдерди, демонстрацияларды уюштурууга жана аларды өткөрүүгө катышууга.

3. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка чектөөлөр да жайылтылат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-8)
