# 3-берене. Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203846)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.07.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 28 июля 2017 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с реформированием системы правоохранительных органов в целях обеспечения эффективной борьбы с коррупцией и преступлениями в сфере экономики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111669)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4777/edition/824286/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203846/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө, 3-берене (28.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-3

---

кепилдиги

1. Баңги заттарды контролдоо боюнча орган өз ишинде адамдын жана жарандын укуктарын сыйлоо принциптерине таянат жана жынысына, расасына, тилине, майыптуулугуна, этностук таандуулугуна, туткан динине, курагына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларына карабастан аларды коргоону жүзөгө ашырат.

2. Өзгөчө учурларда, кылмыштарга бөгөт коюу жана ачуу максаттарында жарандардын айрым укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана чектерде убактылуу чектелиши мүмкүн.

Жарандар баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларынан алардын укуктарынын жана эркиндиктеринин чектелишинин жүйөсү боюнча түшүндүрүүлөрдү алууга укуктуу. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларынын аракеттери менен алардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары кемсинтилди деп эсептеген жарандар бул аракеттерди баңги заттарды контролдоо боюнча органдын жогору турган органына же кызмат адамына, прокурорго, ошондой эле сотко даттанууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-4)
