# 2-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203846)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.07.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 28 июля 2017 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с реформированием системы правоохранительных органов в целях обеспечения эффективной борьбы с коррупцией и преступлениями в сфере экономики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111669)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4777/edition/824286/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203846/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө, 2-берене (28.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-2

---

1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү, ошондой эле алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында баңги заттарды контролдоо боюнча органдын компетенциясына таандык кылынган кылмыштардын алдын алуу, табуу, бөгөт коюу, ачуу жана тергөө;

3) баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүүгө тиешелүү маселелер боюнча аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин координациялоо, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;

4) өз компетенциясынын чектеринде баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүгө контролду камсыз кылуу.

2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын бөлүмдөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аларга жүктөлбөгөн милдеттерди аткаруу үчүн тартууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-3)
