# 17-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчысын

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203846)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.07.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 28 июля 2017 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с реформированием системы правоохранительных органов в целях обеспечения эффективной борьбы с коррупцией и преступлениями в сфере экономики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111669)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4777/edition/824286/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203846/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө, 17-берене (28.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-17

---

мамлекеттик камсыздандыруу жана ал курман болгон (өлгөн) же майып болгон учурда зыяндын ордун толтуруу

1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчылары милдеттүү түрдө республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик жекече камсыздандырылууга тийиш.

2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчысын камсыздандыруу учуру келгенде (курман болгон (өлгөн), майып болгон (жарадар болуу, трамва, контузия алуу), кызмат өтөө мезгилиндеги оорусу) камсыздандыруу суммасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө төлөнөт.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-18)
