# 16-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларын

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203846)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.07.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 28 июля 2017 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с реформированием системы правоохранительных органов в целях обеспечения эффективной борьбы с коррупцией и преступлениями в сфере экономики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111669)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4777/edition/824286/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203846/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө, 16-берене (28.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-16

---

турак жай менен камсыз кылуу

1. Баңги заттарды контролдоо боюнча орган өзүнүн кызматчылары үчүн болгон каражаттарынын эсебинен турак жай сатып алууга укуктуу.

2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын жаш курагы, ден соолугунун абалы, штаттардын кыскаргандыгы боюнча кызматтан бошотулган жана 20 календардык жылдан кем эмес сиңирген эмгеги бар кызматчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте турак жай аянты менен камсыз кылуу боюнча жеңилдиктерден пайдаланышат.

Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу курман болгон же өлгөн кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик жана ведомстволук турак жай фондунун үйлөрүндөгү ээлеген кызматтык турак жайлары менчикке бекер өткөрүлүп берилет. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматынын мөөнөтүнө жана кызматтык турак жайда жашаган убактысына карабастан кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу курман болгон (өлгөн) кызматчысынын үй-бүлө мүчөлөрү башка турак жай бербей туруп кызматтык турак жайдан көчүрүүгө жатпайт.

3. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчысы кызматтык ишин аткарууга байланыштуу курман болгон (өлгөн) учурда анын үй-бүлөсүнө зарыл болгондо турак жай аянтын кезексиз алууга же турак жай шартын жакшыртууга укук берилет.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-17)
